Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2018-жыл менен куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана  мамлекеттик ишиңизде ийгилик, ал эми Кыргызстан элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоо телеграммасында.

2017-жыл 30-декабрь