Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «2017-жылдын 11-апрелинде  Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

Келишимдин максаты –  Евразия экономикалык бирлигинин бардык аймагында бажылык жөнгө салуунун бирдей эрежелерин камсыз кылуу.

Келишимге тиркеме болгон  ЕАЭБдин Бажы кодекси –  ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасынын  негизги документтеринин бири.

Кодекс колдонуудагы Бажы союзунун Бажы кодексин жана экономикалык интеграциянын мурдагы  баскычтарында – Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин макулдашуу-укуктук базасын калыптандырууда  түзүлгөн  бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча айрым эл аралык макулдашууларды алмаштырат.

Бул ченемдик документ ЕАЭБде  бажылык  жөнгө салууну бирдей калыпка салуу жана шайкештиктин деңгээлин жогорулатат.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан  тартып күчүнө кирет.

Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишим

2017-жыл 30-декабрь