Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча фоторепортаж

Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасына жасаган расмий сапары аяктады.

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду, эки мамлекеттин лидерлери биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу дагы өткөрүлдү.

Сапарынын соңунда Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Улуттук мезейине барып, ардактуу меймандардын китебине Казакстан элине жакшы каалоолорун жазып калтырды.

2017-жыл 26-декабрь