Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-казак кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусун канааттануу менен белгилеп, казак тарап эки тараптуу кызматташуу маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бөлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктап, Сооронбай Шарипович Кыргызстандын Премьер-министри болуп турганда биргелешип иштешкендигин белгилеп өттү. ”Сиз бир жарым жыл Премьер-министр болуп иштегенсиз, ошондуктан эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин жакшы билесиз. Эки өлкөнүн Өкмөттөрү актуалдуу маселелер боюнча өз ара аракеттенүүсүн мындан ары уланта берет. Казак тарап бардык маселелерди, анын ичинде Жол картасын ишке ашыруунун алкагындагы өз учурунда жана ыкчам чечүүгө чечкиндүү. Президентибиз Нурсултан Назарбаев ар дайым казакстандыктарга кыргызстандыктардан жакын эл жок деп баса белгилеп келет”, -деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.
Тараптар кол коюлган Жол картасын ишке ашыруу маселелерин дагы козгоп өтүштү жана бардык маселелерди эки өлкөнүн элдери ЕАЭБке кошулгандыгынын артыкчылыктарын сезгидей чечүү керек экендигин баса белгилешти.
Ошондой эле тараптар суу курулмаларын жана ресурстарын биргелешип сарамжалдуу пайдалануу тууралуу маселелерди дагы талкуулашты.

Жолугушуунун акырында Казакстандын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго ийгиликтерди каалап, бүгүн, 26-декабрда Москвада боло турган КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна үзүрлүү барып келишине тилектештигин билдирди.

2017-жыл 26-декабрь