Макалалар

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев: "Бириксек, колдон келет!"

Өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуялардан бери үч жыл өттү. Ал окуялар элибиз үчүн оор сыноо болду. Бүгүнкү күндө да Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн кайгылуу окуяларды эстегенде ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздайт.

Июнь окуяларынын себептерин иликтеген эксперттердин бардыгы бир ооздон этностор аралык жаңжалга алып келген чыңалуу жана ал үчүн негиздер 2010-жылга чейин эле эбак калыптанып калгандыгын айтып чыгышты. Апрель революциясынан кийинки татаал жагдайлар дагы өз кесепетин тийгизди.

Биз 2010-жылдын апрель-майында өлкөдө кырдаал курчуп бара жаткандыгын, этностук топтор бирге жашаган чөйрөлөрдө чыңалуу, кооптонуу жана ишенбестик күчөп жаткандыгын сезип турдук. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында эл арасына чок салган материалдар чыга баштады, айрым саясатчылар ачык эле улутчулдук ураандарга басым жасашты.

Эки ай бою Чүй облусунда жана Бишкек шаарында этностор аралык биримдикти бузууга болгон аракеттерге бийлик органдары бөгөт коё алды. Ошол учурда Маевка айылында үйлөрдүн өрттөнүүсүнө жана адамдардын өлүмүнө алып келген чоң провокация токтотулган. Мындай бузуку аракеттер Чүй облусунун башка аймактарына, Бишкек шаарына жайылбай, белгиленген этностор аралык тирешүү массалык баш аламандыкка, көп сандагы жоготууларга айланган жок.

Бирок, тилекке каршы, Убактылуу өкмөттүн күч-аракети өлкөнүн түштүгүндөгү алааматты токтотууга жетишсиз болду. Бул регионго борбордук бийликтин таасиринин төмөндүгү, жер-жерлердеги анархия, райондор менен шаарлардын жетекчилеринин өз милдеттерин аткарбагандыгы, укук коргоо органдарынын деморализациясы жана аларды ыкчам башкаруунун  начарлыгы өз ролун ойноду. Адегенде Ош шаарында, анын айланасында, андан кийин Жалал-Абад облусунда жаңжал   күч алды.

 Жаңжал кимге керек эле?

Талкалоолор, өрттөөлөр, бейкүнөө адамдарды өлтүрүүлөр көп жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдүн кесепетинен гана эмес, атайылап уюштурулган провокациялардын себебинен болгондугун эч ким тана албайт. Тарыхы бир, тили бир, дини бир кыргыздар менен өзбектер атайын ойлонуштурулган, бузуку максаттардын барымтасында калып, акылдан адашып, кан төгүлдү, эч күнөөсүз адамдар курман болду.

Бузукулардын айрымы элдин байлык менен мүлктөрүн басып алууга, баңгизат жолдоруна жана көмүскө бизнеске көзөмөл орнотууга кызыкса, айрымы өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча 27-июнга белгиленген референдумду болтурбоого аракеттенген. Себеби жаңы Конституция өлкөгө саясий жана коомдук түзүлүштүн өзгөрүүсүн бермек. Аларга өлкөдөгү мыйзамсыздык керек эле, ошондуктан өлкөдөгү кырдаалды бузууга ар кандай шылтоолор колдонулган. Анткени өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгуунун белгиленген мөөнөтү жана максаттар элибизди шыктандырып, коомдо келечекке болгон ишенимди арттырган. 

Үчүнчү күчтөргө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда согуш чыгарыш керек болгон, анын натыйжасында эки өлкөдө тең өз мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучу жаралмак.

Өтө кейиштүүсү, жаңжалды чыгаруу үчүн өзбек этномаданий бирикмелеринин айрым жетекчилери сепаратисттик, автономия идеяларын ураан катары көтөргөнү негиз болгон. Алар жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын коргойбуз деген шылтоону жамынып, мобилизациялык схемалар, атайын белгилер аркылуу колдоочуларды топтоого шарт түзүшкөн. Май айында жана июндун башында алдын ала даярдалган схема боюнча жүздөгөн, миңдеген жактоочуларын чогултуп, ар кандай шылтоо менен бийлик органдарына кысым көрсөтүү аракеттерин кылышканына бардыгыбыз күбө болдук.

Муну менен бирге өлкөнүн мурдагы аткаминерлери жана улутчул ураандарды пайдаланган жаңы бийликтин саясий  каршылаштары баш көтөрө баштаган. Мына ушунун бардыгы кыргыз жаштарынын арасында ашынган улутчулдуктун  өсүшүнө алып келди.

Кичинекей учкундан жалындаган өрткө алып келүүчү чыңалуу жана коркунучтуу жагдай түзүлдү. 

Ошентип, ал күндөрү бузуку күчтөрдүн кызыкчылыктары төп келип, ал эми сепаратизм менен улутчулдук кырдаалды курчутууга шарт түздү.

Кыргызстандын душмандары өлкөдөгү бийликтин чабалдыгын пайдаланып, жаңжалдын отун тутантууга жетишип, күнөөсүз адамдар курман болушту.

Азыр айрымдар ошол окуяларды бурмалап, өздөрүн көтөрмөлөп, элдин коргоочусу жана куткаруучусу катары көрсөтүшүүдө. Бир аптада жаңжалды токтотуп жана кырдаалды жөнгө салуу – бул өзүн-өзү “баатырмын” деп төш каккандардын эмгеги эмес. Муну ачык айтуу зарыл.

 Жаңжалдын жалыны өзүнөн өзү өчкөн жок

Эң оболу биз эки тарапка тең акыл-эс жана сабырдуулук берген Жаратканга, чыдамкай жана кеменгер элибизге ыраазы болушубуз керек.

Жаңжалдын алгачкы сааттарынан баштап көчөмө-көчө, үймө-үй кыдырып, кызуулангандарды акыл-эске чакырып жүргөн карапайым жарандарыбызга, аксакалдарга жана энелерге, жаштарга ыраазы болушубуз керек. Кээде алар керт башын ойлобой аламан топтордун жолун тосуп, турак үйлөргө, айылдарга аларды киргизбей жатышты. Коркунучтуу аймактардан аялдар менен балдарды алып чыгууга баш калканч болуп, зарыл жардамды берип турушту. Кыргыз үй-бүлөлөрдүн өзбектерге, ошондой эле өзбек үй-бүлөлөрдүн кыргыздарга жардам берген учурлары көп болгон. Бул фактылар өлкөбүздүн, элибиздин келечеги кең экендигине зор ишеним жаратат. Жергиликтүү жамааттардын күч-аракети менен көпчүлүк шаарларда, райондордо жана айылдарда тынч абал сакталып калды.

Биз Ооган согушунун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына, куралдуу күчтөр менен укук коргоо органдарынын ардагерлерине ыраазы болушубуз керек. Алар жаңжал чыккан жерлерге өз ыктыярлары менен барып, тынчтыкты орнотууга зор салымдарын кошушту. Күн-түн дебей күзөттө туруп, калктуу конуштарды кыдырып, элди тынчтанууга чакырып турушту.

Тез арада уюшулуп, жаңжал чыккан жерлерде өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылууда салым кошкон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, куралдуу күчтөрдүн жоокерлерине жана офицерлерге ыраазы болушубуз керек.

Карапайым мекендештерибизге болгон тамак-ашын, керектелүүчү буюмдарын, акча каражаттарын аябай, жабыр тарткан аймактарга жөнөтүп турушкандыгы үчүн ыраазы болушубуз керек. Күн сайын Бишкектен, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынан гуманитардык жүк менен ондогон автомашиналар, учактар жөнөп жатты. Кыска мөөнөттө жаңжал чыккан аймактарга миңдеген тонна жүк жеткирилди. Бир да үй-бүлө, бир да көчө, бир да айыл  тамак-ашсыз жана медициналык жардамсыз калбаш үчүн мекендештерибиз болгон аракетин жасашты. Жабыркаган аймактардан 6000ден ашуун адам, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар тез арада борбор калаабызга учактар менен жеткирилген. Ошол күндөрү өлкөбүздүн ар бир тургуну кайгыны өз башындагы түйшүк катары кабыл алып, колдон келген жардамын аяган жок.

Кыргызстандын эли ошол оор күндөрдө жардам берип, баа жеткис колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдарга, бардык өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирет.

Жаңжал чыккан аймактан 500дөн ашуун баланы Ысык-Көлгө алып барып, эс алуусу уюштурулду. Жүздөгөн балдар мектептерде реабилитациялык жыйындарда болушту. Мындай маанилүү гуманитардык иш-чараларды уюштурган карапайым адамдар бүгүнкү күндө көкүрөктөрүн какпастан эле, ар кимиси өз тармактарында эмгектенип жатышат.

Ошол күндөрү өлкөнүн жетекчилигинин бүткүл иш-аракети баш аламандыкты токтотууга, зомбулукка жол бербөөгө, жабыр тарткандарга жардам берүүгө багытталды. Миңдеген жарандарыбыздын кайратмандыгы, аракети, мамлекеттин ишинин натыйжасында кырдаал кыска мөөнөттө жөнгө салынып, гуманитардык кыйроого тышкы жардамсыз эле жол берилген жок. Бул жөнүндө да биз ачык айтуубуз кажет. Кээде мындай иш кубаттуу, туруктуу өлкөлөрдүн да колунан келбейт.

Бир жуманын ичинде коңшу мамлекеттин аймагынан башпаанек издөөгө аргасыз болгон мекендештерибиз да жашаган жерлерине кайра кайтып келишти.

2010-жылдын 20-июнуна жапа чеккен шаарларды,  райондорду калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлүп, зарыл ресурстар менен камсыз кылынды. Бул иштин натыйжасында жабыр тарткандар кышка чейин үйлүү болушуп, отун жана күндөлүк керектелүүчү буюмдар менен камсыздалышты.

Бардыгы – бийлик, жарандык коом, карапайым мекендештерибиз бири-бирине болгон ишенимди калыбына келтирүүгө, кечиримдүүлүккө, жаратмандыкка умтулушту.

Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет республикалык бюджеттен ири ресурстар өлкөнүн түштүгүн өнүктүрүүгө багытталып бөлүндү. Бүгүнкү күндө карапайым элдин эмгеги менен, борбордун жана башка аймактардын эсебинен Ош жана Жалал-Абад шаарлары оңолуп, кыйла өзгөрдү. Жабыркагандарга жүз миллиондогон сом жөлөк пулдар таратылды. Алар үчүн заманбап жүз миңдеген чарчы метр турак-жайлар курулду. Өлкөбүздүн түштүк облустарында талкаланган, өрттөлгөн инфраструктуранын миңдеген объектилери калыбына келтирилди.

Үч жыл мурда кайгылуу окуялардын себептерин изилдөө көптөгөн талаш-тартыш жана спекуляцияларды жараткан. Окуяларды толугу менен жана ачык-айкын иликтөөгө мамлекет өзү кызыкдар болду жана умтулду. Өз элинен жана дүйнөлүк коомчулуктан чындыкты жашырууну каалаган деп азыркы күндө бизге эч ким күнөө коё албайт. Мурдагы советтик республикалардын арасында биринчи жолу мындай кайгылуу окуялардын иликтөөсү ачык-айкын жүргүзүлүп, эркин маалымат каражаттар аркылуу кеңири чагылдырылды.

Кыргызстандын демилгеси менен эл аралык көз карандысыз комиссия түзүлүп, анын ишинин жыйынтыгы Ош жана Жалал-Абадда геноцид темасындагы имиштерди жокко чыгарып, спекуляцияларга чекит койду. Бардык, анын ичинде чет элдик маалымат каражаттарына, жаңжал чыккан жерлерге барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Үч жыл аралыгында түрдүү комиссиялардын, өкмөттүк эмес жана укук коргоо уюмдарынын, көз карандысыз иликтөөчүлөрдүн жана журналисттердин ондон ашык отчёттору жарык көрдү.

Окуяларды ачык чагылдыруу, себептерин объективдүү иликтөө, чагымчыл күчтөрдү, уюштуруучуларды аныктоо жана жоопко тартуу тынчтыкты орнотууга, келечек курууга негиз болоорун түшүнүп турабыз. Анткени кайгылуу окуянын талаш-тартыш жараткан же аныкталбай калган фактысы туруксуздукту жаратып, келечекке шек келтириши мүмкүн. Учурда болуп жаткан объективдүү жана субъективдүү кыйынчылыктарга карабастан, мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты орнотууга жетишебиз.

Биз мыйзамдуулукка келишибиз керек. Бардыгыбыз мыйзамды жана тартипти сыйлашыбыз зарыл. Баарыбыз! Мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо аркылуу гана биз кыйынчылыктарга, сыноолорго туруштук бере алабыз.

Башкы максат – элдин биримдиги

1990 жана 2010-жылдагы окуялар кандуу кагылышууларды шарттаган терең себептер бар экендигин көрсөттү. Бүгүнкү күндө алар толугу менен жоюлду деп айтууга болбойт. Аларды түп тамыры менен жоюу зарыл.

Бул максатка жетүү үчүн кооз сөз, кур чакырыктар менен чектелүүгө болбойт. Жакында өлкөнүн Коргоо кеңешинин жыйынында кабыл алынган Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын бекиттим. Өкмөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү.

Биздин башкы максатыбыз – улуттук биримдикти камсыз кылуу. Мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү, этностор аралык жана тил саясатын ишке ашыруу үчүн жооптуу бийлик органдарынын системин, борбордо, региондордо жана жергиликтүү деңгээлде зарыл инфраструктураны түзүү боюнча иштер башталды.

Мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун камсыз кылууга жана тең салмакталган тил саясатын ишке ашырууга багытталган бир катар практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырууга кириштик. Мамлекеттик тилдин ордун бекемдебесек, Кыргызстанда элдин биримдигине жетишүүгө мүмкүн эмес. Ошол эле учурда расмий орус тилин жана башка тилдерди үйрөнүп билүү, жаштарыбызга берген мүмкүнчүлүктөрдү жана артыкчылыктарды эске алуубуз зарыл.

Кыргызстандын көп улуттуу эли 100дөн ашык этностун өкүлүнөн турат. Өзбектер, орустар, казактар, дунгандар, уйгурлар, түрктөр, татарлар, башкырлар, корейлер, немистер жана башка этностор Кыргызстанда кыргыздар менен тең укукта, бирдикте жашайт. Биздин Мекенибиз, тагдырыбыз, келечегибиз бир. Өлкөнү өнүктүрүүгө, калктын жашоосун жакшыртууга да бирге жооптуубуз.

Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул максатка жетүүнүн жолу – бул Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөө, жалпы жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана өз өлкөсүн ыйык тутуу.

Бул максатты ишке ашыруу – бардык күчтөрдүн: мамлекеттик, коомдук, менчик жана коммерциялык уюмдардын, бардык жарандардын ырааттуу ишин талап кылган узак мөөнөттүү милдет. Ашынган улутчулдук, сепаратизм көрүнүштөрүнө жол бербей, коомдо этностор аралык сабырдуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо абзел.

Кетирген кемчиликтерди жана каталарды моюнга алуу – бизди күчтүү кылат. Ошол күндөрү Убактылуу өкмөт өлкөбүздү трагедиядан сактай албай калгандыгы үчүн жоопкерчилигин сезип, күнөөсүн моюнга алып, элибизден кечирим сурады. Бүгүнкү күндө трагедияга тиешеси бар сепаратисттер жана улутчулдар, реваншисттер, саясий популисттер да күнөөсүн моюнуна алууга убакыт келди.

Биздин кайгылуу ал окуяларды унутууга акыбыз жок, эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз жана дайыма сак болушубуз керек. Бүгүнкү күндө деле утурумдук саясий кызыкчылык үчүн өлкөбүздү бүлүндүрүүгө, мамлекеттүүлүгүбүздү жокко чыгарууга, баш аламандыкты жаратууга аракеттенген күчтөр бар. Аларга себеп болсо эле кырдаалды курчутуп, жагдайды өз кызыкчылыгына колдонууга даяр.

Көпчүлүк бул коркунучтарды олуттуу кабылдашпайт. Бирок акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жана Жалал-Абад шаарында болгон окуялар жергиликтүү жана эл аралык эксперттерде “Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары сакталып калабы?” деген суроону кайра жаратты. Бул суроо саясатчы же мамлекет жетекчилерине эле эмес, ар бирибизге таандык.

2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардын курмандыктарынын элесин эскерүү менен, сиздерди, урматтуу окурмандар, кымбаттуу мекендештерим, тынчтыгыбызды, өлкөбүздү, эгемендигибизди, жаркын келечекке болгон үмүтүбүздү сактоого чакырам.

Адамдын өмүрүнөн баалуу нерсе жок. Өмүрдү кыюуга эч кимдин укугу жок. Туугандарынан, жакындарынан ажырагандардын жүрөгүндөгү жарасы тез арада айыкпасын, энелердин көз жашы жакын арада кургабасын түшүнүп турам. Бирок биз кечиримдүү болушубуз керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн жашап, күрөшүүбүз зарыл.

Биз Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдеп, өлкөбүздүн жаркын келечегин камсыздайбыз. Биргеликте туруктуу, өнүккөн, күчтүү, элине бакубат жашоо камсыздаган жаңы Кыргызстанды курабыз.

Ошондо гана ата-бабаларыбыз кылымдар бою эңсеген максаттарын ишке ашырабыз. Ошондо гана курман болгондордун элесине таазим кылган болобуз. Биз бул милдетти сөзсүз аткарышыбыз керек, анткени  өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!

Макала 2013-жылдын 7-июнунда "Супер Инфо" гезитинде жарыяланган >>>.

Басып чыгаруу