Кыргызстан

Мамлекет Борбордук Азиянын  түндүк-чыгышында. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань жагында. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.

Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден)

Тилдери - кыргыз тили - мамлекеттик, орус тили – расмий.

Кыргыз Республикасынын Президенти - АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы - ТУРСУНБЕКОВ Чыныбай Акунович 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри - ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы - ТОКБАЕВА Айнаш Абдымановна 

Валютасы- кыргыз сому (KGS, код 417)

Интернет-домени - .kg

Телефондук коду - +996

Саат поясы - UTC +6

Аянты 199,9 миң. км2 (5,8% - токойлор, 4,4% - суулар, 53,3% - айыл чарба жерлери, 36,5% - башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.

Борбору - Бишкек (860,7 миң адам).

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 7 администрациялык аймактан турат – Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу жана Баткен облусу. Облустук борборлор - Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Басып чыгаруу