МАМЛЕКЕТТИК БАШКА ОРГАНДАР
104-берене
Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:
1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;
2) изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;
4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;
5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;
6) тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, иштерди тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.
105-берене
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.
106-берене
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.
107-берене
Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.
108-берене
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.
109-берене
Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат.