Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына  2018-жылдын 1-жарымында (январь-июнь айларында) келип түшкөн  жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында (мындан ары – Президенттин Аппараты) 2018-жылдын 1-жарымында (3-январдан 30-июнга чейин) жарандардын 8438 кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде - 5307), алардын ичинде:

- жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 6747 (2017-жылы - 4244);

- Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 622
(2017-жылы - 311);

- “Ишеним телефондору” жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган жарандар – 693 (2017-жылы - 380);

- Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 275 (2017-жылы – 227);

- Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн “түз эфирлери” аркылуу кайрылган жарандар – 101 (2017-жылы - 145).

2018-жылдын 1-жарымында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) бардык 6747 кайрылуулардын 6550cү Президенттин Аппаратына (2017-жылы – 4117), ал эми калган 197 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү (2017-жылы - 127).

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 6550 кайрылуулардын 3273ү (же 50,0%) көзөмөлгө алынды, алардын 2759у (84,2%) мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 513 жарандын кайрылуулары (15,8%) мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда.

Калган 3278 жарандын кайрылуулары (50,0%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 197 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 48и (24,4%) көзөмөлгө алынды, алардын 47си (98,0%) аткарылды, калган
1 арыз (2,0%) мөөнөтү боюнча каралууда.

Ал эми калган 149 (75,6%) кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик, өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча 143 кайрылууга тиешелүү жооптор берилди, 6 жарандарга жоопторду берүү иштери мөөнөттөрүнө ылайык улантылууда.

Бардык жазуу жүзүндөгү (электрондук) 6747 кайрылуулардын 3860ы (57,2%) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө, 2887си (42,8%) Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралды (маалымат тиркелет).

Аталган мезгилде, жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнүн коомдук-саясий абалынын туруктуулугун, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери, жетишилген ийгиликтер, анын демилгесинин негизинде коррупция менен күрөшү боюнча кабыл алынып жана жеке көзөмөлүндө ишке ашырылып жаткан иш-чаралар жөнүндө жарандарды коомдук кабылдамаларда кабыл алуу учурунда, алардын жазуу жүзүндөгү кайрылууларын алууда, аларга кеңештерди жана маалыматтык-укуктук жардамдарды берүүдө, ошондой эле Биринчи радионунун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн “түз эфирлери” учурунда кеңири түшүндүрүү жана маалымат берүү иштери жүргүзүлгөндүгүн маалымдайбыз.

Президенттин Аппаратына жазуу жүзүндө (электрондук) келип түшкөн 6550 кайрылуунун (2017-жылы - 4117) ичинен эң көп арыздар, даттануулар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан
2440
(37,3%)келген (2017-жылы - 1710).

Ал эми, Чүй областынан – 954 (14,6%) (2017-жылы - 660), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан – 878 (13,4%)
(2017-жылы - 468), Жалал-Абад областынан – 797 (12,2%) (2017-жылы - 341), Ысык-Көл областынан – 526 (8,0%) (2017-жылы - 356), Нарын областынан – 328 (5,0%) (2017-жылы - 179),Баткен областынан – 270 (4,1%) (2017-жылы - 117),Талас областынан – 131 (2,0%) (2017-жылы - 107), КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 226 (3,4%) (2017-жылы - 179) жарандын кайрылуулары келгендигин билдиребиз (маалымат тиркелет).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын калган 197си Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү (2017-жылы - 127), алардын ичинде Ош шаарынын жарандарынан – 49, Ош областынын райондорунан – 75, Жалал-Абад областынан  – 26, Баткен областынан - 16, Бишкек шаарынан - 6, Чүй областынан – 4, Нарын областынан – 1, Ысык-Көл областынан – 1, Россия Федерациясынан – 12, Казахстандан – 2, Өзбекстандан – 2, Таджикстандан – 1,  Түркиядан – 1 жана Украинадан - 1 кайрылуу түшкөндүгүн билдиребиз.

 

 

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын тематикасы жана мүнөзү

Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) 6747 кайрылуулары тематикасы жана мүнөзү боюнча негизинен 8 багытта болду (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде - 4244):

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 3202 кайрылуу (47,5%) (2017-жылы - 1386);

 

- жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын иштери, анын ичинде турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүп берүү боюнча – 805 (11,9%) (2017-жылы - 548);

- саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 468 (6,9%) (2017-жылы - 397);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, жөлөкпул, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 441 (6,5%) (2017-жылы - 350);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 233 (3,5 %) (2017-жылы - 88);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 228 (3,4%) (2017-жылы - 210);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (проценти жок же төмөнкү проценттүү) – 168 (2,5%) (2017-жылы - 86);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 120 (1,8%) (2017-жылы - 72);

Ал эми, калган 1082 (16,0%) жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган (2017-жылы - 1030).

 

President.kg расмий интернет-сайтына келген кайрылуулар

2018-жылдын январь-июнь айларынын ичинде President.kg расмий интернет-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын
1103 электрондук кайрылуулары келип түштү (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде - 897), анын ичинде:

  • Бишкек шаарынан – 393 (же 35,6%) (2017-жылы - 428);
  • Чүй областынан - 222 (20,1 %) (2017-жылы - 128);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан – 115 (10,4%) (2017-жылы - 57);
  • Жалал-Абад областынан - 81 (7,3%) (2017-жылы - 50);
  • Ысык-Көл областынан - 64 (5,8%) (2017-жылы - 66);
  • Нарын областынан - 42 (3,8%) (2017-жылы - 21);
  • Баткен областынан - 38 (3,4%) (2017-жылы - 26);
  • Талас областынан - 13 (1,2%) (2017-жылы - 16);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 135 (12,2%) (2017-жылы - 104).

 

Электрондук почта аркылуу келген кайрылуулар тематикасы боюнча негизинен 5 багытта болду:

- сот, укук коргоо органдарынын ишмердиги жана коопсуздук маселелери боюнча – 372 (33,7%) (2017-жылы - 206);

- жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын иштери, анын ичинде турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүп берүү маселелери боюнча – 120 (10,9%)   (2017-жылы – 110);

- саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү маселелери боюнча – 102 (9,2%)  (2017-жылы - 128);

-  социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 91 (8,3%) (2017-жылы - 79);

- финансы, кредит, отун-энергетика, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча – 58 (5,3%)  (2017-жылы - 54);

Ошондой эле, жарандардын башка багыттагы көйгөйлүү маселелери жана сунуштары боюнча – 360 (32,6%) кайрылуу келип түштү (2017-жылы - 430).

Интернет-сайтка келип түшкөн кайрылуулар жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө алдын-ала каралгандан кийин, көпчүлүк бөлүгүнө тийиштүү жооптор берилип, калгандары тиешелүүлүгүнө жараша андан ары иштөө үчүн Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрүнө, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга жиберилип, көзөмөлгө алынды жана жыйынтыктары боюнча арыз ээлерине жооптор жиберилди.

 

Массалык-маалымат каражаттары, интернет-сайттары менен иштөө

2018-жылдын 6 айында бөлүм тарабынан массалык-маалымат каражаттарына маалыматтарды жарыялоо жана жана Биринчи радио аркылуу жарандардын кайрылуулары менен иштөө багытында бир топ иш-чаралар жүргүзүлдү, алардын ичинде:

2018-жылдын 23-мартында “КТРК”, “ЭлТР” жана “Пирамида” телеканалдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылда жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.

2018-жылдын 23-мартында “President.kg” расмий веб-сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылдын февраль айына жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.

2018-жылдын 23-мартында “AКИ press” интернет сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2018-жылы жарандардын кайрылуулар менен иштөө боюнча кыскача маалымат жарыяланды.

2018-жылдын январь-июнь айларында Биринчи радионун “Биринчи кабылдама” берүүсүнүн 7 жолу “түз эфирлери” өттү (2017-жылы - 11), алар

аркылуу  101 жарандын  кайрылуулары  кабыл  алынып  (2017-жылы - 145), алар боюнча жооптор, түшүндүрмөлөр берилди жана тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу маселелери каралып, жыйынтыгы боюнча кайрылуу ээлерине жооптор жиберилди, ошондой эле радио угуучуларга жарандарды кабыл алуунун жана алардын кайрылуулары менен иштөөнүн тартиби, ар бир айда аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар берилип турду.

 

Президенттин Коомдук кабылдамалары аркылуу жарандарды кабыл алуу жана жарандардын ар кандай акциялары

2018-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 622 жаран кабыл алынды (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде - 311), анын ичинде Бишкек шаарында – 266 (42,8%) (2017-жылы - 77), Ош шаарында – 356 (57,2%) (2017-жылы – 234), алардан:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчилиги тарабынан 22 (3,5%)жаран кабыл алынды;

- Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана кызматкерлери тарабынан бекитилген графикке ылайык Бишкектеги Коомдук кабылдамада 85 (13,7%) жаран кабыл алынып, аларга маселелеринин маңызы боюнча кеңештер жана жооптор берилди;

- Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери тарабынан 515 (82,8%)жаран кабыл алынды

жана маселелери боюнча кеңештер, жооптор жана тиешелүүлүгүнө жараша компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “ишеним телефондору” жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган 693 жарандын маселелери тиешелүү мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, мекемелер, уюмдар менен биргеликте ыкчам каралып чечилди, тийиштүү жооптор, кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди (2017-жылы - 380), ошондой эле Коомдук кабылдамаларга келген 275 жаранга (2017 –жылы - 217) маселелери боюнча кандай тартипте, кайсы органдарга кайрылуулары боюнча маалыматтык-укуктук кеңештер жана жардамдар берилди.

2018-жылдын январь-июнь айларынын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратынын алдында 700дөн ашык жаран катышкан ар-кандай акциялар болуп өттү, алардын ичинде:

- 20-, 24-январда жана 2-февралында жер тилкелерин трансформациялоо маселелери боюнча  Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 130 жашоочулары катышкан акциялары;

- 14-февралында   жер   тилкелерин   трансформациялоо   маселеси боюнча 50 жаран жана  Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  коопсуздук

мамлекеттик комитетинин төрагасы А.К. Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган Б.Асанов, К. Кадыров жана Ж.  Карыбековдордун 20 жактоочулары жана туугандары катышкан акция;

- 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгелерин колдогондугу боюнча 50 активисттер катышкан акциясы;

- 16-февралында Б.Асанов, К. Кадыров жана Ж.  Карыбековдордун 15 жактоочулары жана туугандары катышкан акция;

- 19-, 20-апрелде 2018-жылдын 11-апрединде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында болуп өткөн башаламандыкка тиешеси бар жана камакка алынган балдарды бошотууну талап кылган 60 жаран катышкан тарапташтарынын, туугандарынын акциясы;

- 14-, 15-, 24-майында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы М. Асанакуновдун ээлеген кызматынан кетүүсүн талап кылуу менен 40 ашык жаран катышкан акциялары болуп өтттү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратынын алдында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамаларынын жанында 2018-жылдын 21-майында жана 23-майында Ош базарынын “Берекет” соода түйүнүнүн өрттөн жабыркаган соодагерлеринин 30дан ашык катышкан соодагерлеринин 2 акциялары болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте акцияларга чыккан жарандардын суроо-талаптарын тактоо, алардын чечилиш жолдору, коомдук тартипти сактоо жана койгон маселелери боюнча тиешелүү жана компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө кеңештер жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, акциялардын катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, талаптары жана резолюциялары кабыл алынып, мыйзам чегинде кароого жана жыйынтыгы боюнча кайрылуу ээлерине жооп берүү үчүн тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарга жиберилип, алар тарабынан жооптордун берилип көзөмөлгө алынгандыгын билдиребиз.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Коомдук кабылдамасынын иши

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасында 2018-жылдын январь-июнь айларынын ичинде
648 жарандын кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү (2017-жылдын ушундай мезгилинде - 501).

Аталган мезгилде 197 жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары катталып, алардын ичинде, Ош шаарынан – 49, Ош областынан – 75, Жалал-Абад областынан – 26, Баткен областынан – 16, Бишкек     шаарынан – 6, Чүй областынан – 4, Нарын областынан – 1, Ысык-Көл областынан - 1,Россия Федерациясынан – 12, Казахстандан – 2, Өзбекстандан – 2, Таджикистандан – 1, Түркиядан – 1 жана Украинадан – 1 жарандын кайрылууларына жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

“Ишеним телефону” аркылуу 54 жаранкайрылышып, аларга мүнөзү боюнча тиешелүү жооптор жана түшүндүрмөлөр, ошондой эле Коомдук кабылдаманын диалог борборунда 41 жаранга нормативдик-укуктук документтер жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал боюнча маалыматтык жардамдар  көрсөтүлдү.

Коомдук кабылдамада 234 жаран кабыл алынды, алардын ичинде Ош шаарынан – 140, Ош областынын райондорунан – 192, Жалал-Абад областынан – 13, Баткен областынан келген - 3 жаранга, Таджикистандан – 4, Өзбекстандан – 1 жана Россиядан келген – 1 жаранга маселелеринин маңызы боюнча жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.