Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2016-жылы (январь-декабрында) жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2016-жылдын январь-декабрь айларында 11 335 жарандын кайрылуулары боюнча иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

- Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар – 8464;

- Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 595;

- “Ишеним телефондору” аркылуу кайрылган жарандар – 940;

- Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар – 982;

- Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн “түз эфирлери” аркылуу кайрылган жарандар – 354тү түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 8464 кайрылуулардын 8228и Президенттин Аппаратына, ал эми калган 236 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 8228 кайрылуулардын 3803ү (же 46,2%) көзөмөлгө алынды, алардын 3590у аткарылды (94,4%), 213 жарандын кайрылуулары (5,6%) аткарылууда.

Ал эми, 4425 кайрылуу (53,8%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 236 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 68и (28,8%) көзөмөлгө алынып, алардын 57си (83,8%) аткарылды, ал эми
11 арыз (16,2%) аткарылууда.

8228 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан - 3549 (43,1%)келип түштү. Ал эми, Чүй областынан – 1262 (15,3%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан – 972 (11,8%), Жалал-Абад областынан – 693 (8,4%), Ысык-Көл областынан – 544 (6,6%), Нарын областынан – 348 (4,2%),Баткен областынан – 250 (3,0%), Талас областынан – 193 (2,3%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн – 417 (5,1%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 9 багытта болду:

- соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча –
2730 кайрылуу (32,2%);

- турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча – 1058 (12,5%);

- саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча – 829 (9,8%);

- социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча – 692 (8,2%);

- мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча – 361 (4,3%);

- кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) – 212 (2,5%);

- курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча – 191 (2,3 %);

- коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча – 166 (2,0%);

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларында жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча – 94 (1,1%) кайрылуу.

 Ал эми, калган 2131 жарандардын кайрылууларында (25,2%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2016-жылдын январь-декабрында President.kg расмий веб-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 2125 электрондук кайрылуулары келип түштү, анын ичинде:

  • · Бишкек шаарынан – 959 (же 45,1%);
  • · Чүй областынан – 317 (14,9%);
  • · Ош областынан жана Ош шаарынан – 196 (9,2%);
  • · Ысык-Көл областынан - 153 (7,2 %);
  • · Жалал-Абад областынан - 103 (4,8%);
  • · Баткен областынан - 67 (3,1%);
  • · Талас областынан - 43 (2,0%);
  • · Нарын областынан - 34 (1,6%);
  • · КМШ жана башка өлкөлөрдөн - 253 (11,9%).

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 595 жаран кабыл алынды, анын ичинде Бишкек шаарында – 177 (29,7%), Ош шаарында – 418 (70,3%), “ишеним телефондору” аркылуу 940 кайрылуу түшүп, алар боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле, Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 18 “түз эфири” аркылуу 354 жарандын суроолору кабыл алынып, аларга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

 

Басып чыгаруу