“Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 26-апрелинде  кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - укук колдонуу практикасын, бизнес коомчулугунун кызыкчылыктарын  жана Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасынын талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу  жана бажы иштеринин чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жактан жөнгө салууну өркүндөтүү.

2014-жылдын 31-декабрындагы №184 “Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык:

1) Айрым терминдер жана түшүнүктөр ЕАЭБ бажылык мыйзамдарынын терминологиясына ылайык келтирилди.

2) КР Бажы органдары монополия  боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий суроо-талабы боюнча дагы  атаандашууну чектөөгө жана  ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган  макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун  алкагында маалымат берет.

3) Бажылык иштер чөйрөсүндө ишмердик жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү шарттары такталды. Алсак, бажылык өкүл үчүн  штатта бажы операциялар боюнча квалификациялык  күбөлүккө ээ болгон 2 адистен кем эмес болушу зарыл.  Ыйгарым укуктуу  экономикалык оператор жана бажы ташуучусу катары ишмердик жүргүзгөн  жактардын реестрине киргизүүнүн кошумча шарттары дагы каралган. Мындан тышкары   убактылуу  сактоочу кампанын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода-сатык кылган дүкөндүн  ээси жана бажылык өкүл катары ишмердик жүргүзгөндөр кызыкчылыгын ишке ашырган жактардын мүлкүнө  зыян келтирүүнүн же ошол эле жактар менен келишимдерди бузуунун натыйжасында  келип чыгуучу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандырууга тийиш. 

4) Бажылык  иштер чөйрөсүндө ишмердик жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү  тууралуу чечимди  ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган  тарабынан  кайра чакыртып алуу үчүн кошумча негиздер каралган (убактылуу сактоочу кампа же бажы кампасын уюштурууда, бажылык өкүл  катары ишмердик жүргүзгөндө, алымсыз соода-сатык кылган дүкөндү уюштурууда).

 5) Товар чыгарылган өлкөнү тастыктоочу документтерди бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында Мыйзамдын 31 жана 32-беренелерин Бажы бирлигинин бажы кодексинин 60,61-беренелери менен алдын ала каралган жоболорго ылайык келтирилди.

6) Алымсыз соода-сатык жүргүзүүчү дүкөндөрдүн иштөө тартиби жана алардагы товарларды сатуу  эрежелери  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.  Өткөрмө пункттарында алымсыз соода-сатык кылуучу дүкөндүн  жайгашкан жери  анын ээси тарабынан   КР Чек ара кызматынын карамагында турган  мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш. Анын башка жерлерде жайгашуусу КР Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталат. Алардын ыңгайлашуусуна  жана жабдылышына карата талаптарды дагы Өкмөт аныктайт.

7) Камсыздоо макулдашуусу бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун ыкмасы экендиги каралган, ал бажылык иштер чөйрөсүндө бажылык өкүл катары, убактылуу  сактоочу кампанын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода-сатык кылган дүкөндүн  ээси жана бажы ташуучу жактардын реестрине киргизүүдө колдонулат.  Колдонулган камсыздандыруу келишими КР жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө  КР мыйзамына ылайык түзүлүүгө тийиш.

8) Бажы иштери чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу кылмыш белгилери боюнча кылмыш-жазалык же администрациялык иш козголсо,  бул иштер боюнча  өндүрүш аяктаганга чейин бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтүү  мөөнөтү токтотулат.  Аталган талап  КР Өкмөтү тарабынан аныкталган тартип боюнча бажы органы тарабынан чакыртылып алынышы мүмкүн.

9) Бажылык өкүл бажы төлөмдөрүнүн төлөнүшү боюнча милдеттерди аткаруусу үчүн декларант менен бирдей жоопкерчилик тарткан учурлар аныкталган.

10) Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан товарларды жана транспорт каражаттарын кароо тартиби КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

11) Эгерде бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө коюлган талаптарга даттануудан кийин Кыргыз Республикасынын жогорку турган бажы органы коюлган талаптын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алса, анда талап койгон  бажы органы сот органдарынын чечими жок эле 10  жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө талапты кайра артка алат.

12) Өткөөл жоболорду караштырган 297-302 беренелер күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

8-июнь, 2017-жыл
Басып чыгаруу