Мирбек Касымкулов Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык Касымкулов Мирбек Абдыкаимович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

14-март, 2017-жыл
Басып чыгаруу