«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө жана ротациялоонун зарылдыгына байланыштуу токтом кылынат:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-ноябрындагы "Кыргыз Республикасын экономикалык туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 268 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-июнундагы № 139  "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын;

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин
КУРАМЫ

 

Атамбаев Алмазбек Шаршенович

-

Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

Турсунбеков Чыныбай Акунович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы (макулдашуу боюнча);

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

Токбаева Айнаш Абдымановна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Өмүркулов Иса Шейшенкулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Бабанов Өмүрбек Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

 Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргызстан" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Төрөбаев Бакыт Эргешевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Бир бол" фракциясынын лидери (макулдашуу боюнча);

     

Ниязов Фарид Абилезимович

 Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдый штабынын начальники;

Панкратов Олег Михайлович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Султанбекова Чолпон Аалыевна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Джумакадыров Темир Курмангазиевич

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы;

Джолдубаева Индира Ырысбаевна

 Шайлдабекова Нуржан Кармабековна

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;

Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович

 Марипов Улугбек Асамидинович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы;

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кожошев Арзыбек Орозбекович

 Сейткасымова Раушан Рыскулбековна

-

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Улуттук кеңештин катчысы;

     

Борцова Светлана Валерьевна

-

экология боюнча көз карандысыз эксперт, "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Усупбекова Айнура Максатбековна

-

"Жарандык Платформа" коомдук фондусунун директору (макулдашуу боюнча);

Юлдашева Азиза Узгеновна

-

"Жер Азыгы" Кыргызстандын Агробизнесмендеринин Ассоциациясынын (КАА) аткаруучу директору;

Койчуманов Таалайбек Джумашевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;

Ускенбаева Гүльнара Тураровна

-

Жеткирүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);

Руслан Акматбек

-

"ЖИА бизнес ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

17-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу