Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам жашы жете электердин катышуусу менен диний ырым-жырымдардын негизинде нике кыюуга тыюу салууну киргизүү жолу аркылуу жашы жете элек адамдарды никеге тургузууга жол бербөө максатында кабыл алынды.

Бул Мыйзам  менен Үй-бүлө кодексинин нике курагы боюнча талаптары бузулган учурда жашы жете электердин катышуусу менен диний ырым-жырымдардын негизинде нике кыюуга катышкандарга, анын ичинде диний кызматкерлер менен ата-энелерге карата жазык жоопкерчилиги киргизилет.

Көрсөтүлгөн максаттарда ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине жана Жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилет.

Үй-бүлө кодексинин 14-беренеси 3-бөлүк менен толукталып, ага ылайык бул Кодекстин  нике курагы боюнча талаптарын бузгандыгы үчүн жооптуу адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынын негизинде жоопкерчилик тартышат.

Жазык кодекси төмөндөгү мазмундагы 155-1 берене менен толукталат: “Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруу боюнча диний каада жасаган адам, ошого тете жашы жетпеген менен никеге туруу боюнча диний каада жасалган жашы жеткен адам үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратууга жазаланат".

Кабыл алынган Мыйзамга карата маалымат-негиздемеге ылайык, «бул Мыйзам жашы жете электердин жашоо, саламаттык, билим алуу, өнүгүү жана никеге туруусу үчүн четки курагына жетүү укуктарын коргоого багытталган. Жашы жете электерди никеге тургузууга жол бербөө баланы ар кандай зомбулук түрлөрүнөн, анын ичинде күч, психикалык жана сексуалдык зомбулуктан коргоого өбөлгө болот.

Жашы жете элек курагында турмушка чыгуу кыздардын мектепти таштап кетишинин негизги себептеринен болуп саналат да, алардын көбү эч качан окуусун улантпайт. Бул деген секелек кезинде турмушка чыккандардын көбү кедейчилик жашоого кириптер болушун билдирет, анткени алардын өз алдынча жашоого акча табуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот. Жашы жете электерди диний ырым-жырымдар менен никеге тургузуу баланын өсүп-өнүгүшүнө жана билим алуусуна тоскоол болуп, секелек эненин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаратат, анын зомбулукка кабылышын жана запкы тартыш тобокелдигин арттырат».

Мыйзам расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

18-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу