Дүйшенбек Чоткараев КР УКМК Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-ноябрда кол койгон буйрукка ылайык Чоткараев Дүйшенбек Озонович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды.

12-ноябрь, 2016-жыл
Басып чыгаруу