Президент Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-октябрда “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. 

“Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыктын тексти:

Соңку жылдары тарых илиминин өнүгүүсү, аны идеологиядан арылтуу окумуштууларга Кыргызстандын тарыхынын эң негизги этаптарын жаңыча изилдөөгө жана өткөн мезгилге коомчулуктун объективдүү көз карашын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түздү.

Үч миң жылдык тарыхы бар, IX-Х кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын курган элибиз кылымдар бою мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп келди. Бул идея кыргыздардын дүйнө таанымынын негизи болуп, “Манас” эпосунун жана элдин бүтүндөй рухий мурасынын өзөгүн түздү. Эгемендик мүдөөсү урпактардан урпактарга мурас болуп келди.

Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2017-жылдын 7-ноябрында 100 жыл толот. ХХ кылымдын башында Россиянын таасирине кирген элдер үчүн бул окуя тагдыр чечүүчү мүнөзгө ээ болду.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштөн кийин Октябрь революциясы кыргыз элине өзүнүн мамлекетин кайра жаратууга шарт түздү.

Элибиздин эркиндикке жана эгемендикке жапырт умтулуусу 1916-жылдагы окуялардын негизги кыймылдаткыч күчү болгон. Падышалык жасоолдордун көтөрүлүшчүлөргө жасаган зулумдугунан, карапайым калкка салган кызыл кыргынынан улам бөтөн жерге аргасыз качып барган элибиз оор турмушка кабылды. Архивдик маалыматтарга ылайык “Үркүндүн” каргашалуу окуялары жана эң көп адам курмандыктары 1916-жылдын күзүндө болгон.

Бул каргаша Россиянын прогрессивдүү күчтөрүнүн кийлигишүүсү менен токтотулду. Мамлекеттик думанын 

А.Ф. Керенский баштаган депутаттык комиссиясы падышалык бийликтин кылмыштарын алгачкы болуп ачык айыптап чыкты. Ал эми 1917-жылдагы Февраль революциясынан кийин Россиянын Убактылуу Өкмөтү качкындарды мекенине кайтаруу чараларын көрө баштады. Андан кийин бул ишти В.И. Ленин башкарган Совет бийлиги улантты.

2016-жылы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилеп, Кыргызстан эли ата-бабалар алдында ыйык парзын өтөдү.

Совет мезгилинде кыргыз мамлекеттүүлүгү бир нече өнүгүү этаптарын басып өттү. Автономдуу облусту жана автономдуу республиканы түзүү менен аймагы, чек арасы аныкталды, мамлекеттүүлүктүн атрибуттары жана институттары уюштурулду. Кийин СССР курамында Кыргыз ССРинин түзүлүшү 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендигине жол ачкан негизги фактор болуп калды.

Совет доорундагы жетишкендиктер Улуу Октябрь Социалисттик революциясына карата Кыргызстан элинин оң мамилесин калыптандырды.

Кыргыз Республикасында 7-ноябрь расмий майрам катары белгиленет. Бирок акыркы жылдары совет мезгилинде кетирилген тарыхый каталарды аңдап түшүнгөн сайын бул күн өзүнүн мурдагы маанисин жоготуп баратат. Ал эми Россия Федерациясында 7-ноябрь расмий белгиленбейт. “Октябрь революциясы” деген термин расмий документтерде “1917-жылдагы октябрь окуялары” деген түшүнүк менен алмаштырылууда. Совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар эле “октябрь окуяларына” “Россиянын каргашалуу тажрыйбасы” катары баа берилип, “эбегейсиз жоготуулар”, “маданий тажрыйбанын жоготулушу, муундар ортосундагы байланыштардын үзүлүшү”, “куугунтуктоолор”, “калктын билимдүү катмарынын эмиграциясы”, “сүргүнгө айдалгандардын жана кулакка тартылгандардын курмандыктары”, “массалык репрессиялар” менен мүнөздөлөт.

Ошол жылдары Кыргызстан эли да чоң жоготууларга учурады. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана улуттук интеллигенциянын башка таанымал өкүлдөрүнө, көрүнүктүү чарба кызматкерлерине жана мамлекеттик ишмерлерге карата репрессиялар жаш кыргыз совет республикасынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген. Репрессия курмандыктарынын көбүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.

Кыргыз АССРинин Совнаркомунун биринчи төрагасы Жусуп Абдрахманов эл кызыкчылыгын көздөгөн өз алдынча саясат жүргүзүп, өз өмүрүн курмандыкка чалган. “Борбордук бийликтин” калпыс чечимдерин аткаруудан баш тартып, ал Кыргызстан элин 30-жылдардын башындагы ачарчылыктан сактап калган.

Ошол жылдары Жусуп Абдрахманов Казакстандагы ачарчылыктан ооп келген качкындарды сактоо үчүн мамлекеттик резервдеги үрөндү брондон чыгаруу менен болуп көрбөгөндөй эрдик кылган.

ХХ кылымдын 30-жылдарындагы саясий репрессиялар Кыргызстандын экономикасындагы, билим берүү, маданият жана илим жаатындагы көптөгөн келечектүү ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Кыргызстанда жыл сайын 8-ноябрда Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Ал эми ушул жылы бул датага 80 жыл толот.

Кыргызстан элининин совет мезгилиндеги жетишкендиктерин туура баалоо менен бирге эле тарыхтын каргашалуу барактарын да эстен чыгарбашыбыз керек. Кийинки кезде өлкөбүздүн тарых илиминин көрүнүктүү өкүлдөрү ХХ кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды бири-бири менен тыгыз байланышта изилдөөдө.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында, ошондой эле ата-бабалардын элесине таазим этүү менен, токтом кылынат:

1. 7 жана 8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялансын.

2. 7 жана 8-ноябрды жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыялоого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, ошондой эле 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эскерүү күндөр жөнүндө мурдагы чечимдерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн кезектеги жылдыгына, Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 2017-жылдын 7, 8-ноябрында өткөрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүдө Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталсын, анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү камтыган Иш-чаралардын планын бекитсин:

1) кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чараларды улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жыл сайын 7 жана 8-ноябрда өткөрүү;

2) 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жана каргашалуу окуялардын, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларынын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун башка тарыхый этаптарынын тарыхый сабактарын, ошондой эле совет мезгилиндеги өнүгүүнүн мурасын жана ХХ кылымдын 

30-жылдарындагы саясий репрессиялардын кесепеттерин изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүгө зарыл каражаттарды бөлүү;

3) Кыргызстандын тарыхын илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын билим берүү мекемелеринин окутуу программаларына чагылдыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жарыялоо;

4) Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн популярдаштыруу боюнча жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин кубаттоо.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

26-октябрь, 2017-жыл
Басып чыгаруу