«Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек  Атамбаев  «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 31-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын негизги жоболору мыйзамдардагы карама каршылыктарды жоюуга жана жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндө Кыргыз Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын тактоого багытталган

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

8-июль, 2017-жыл
Басып чыгаруу